Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атыла турган (мылтык, замбирек ж. б.) куралдардын ийинге такап мээлеп атууга ылайыкталган арткы, жазы бөлүгү. Казак аюуну кундак менен тумшукка коюп жыккан (Сыдыкбеков). Арчадан кундак ойдурган, Алмадан шыйрак жондурган (Тоголок Молдо). Замбиректин кундактары сороюп, көздүн жоосун алды (Сасыкбаев). Кундагы чирип аз калган, мылтыгыңар бар бирден («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы төрөлгөн баланы (бешикке салганга чейин) бөлөй турган койдун жүнүнөн же төөнүн чуудасынан жасалган төшөк. Кундактагы жетим («Семетей» С. К.). Ал алачыкка кирер менен, балага жасалган кундактын башындагы түйүнчөктү ала койду (Токомбаев).